Кыргыз ирригация илим изилдөө институту: "Бишкек мэриясы мамлекеттин жерин жеке ишканага каттап койгон"

Кыргыз ирригация илим изилдөө институту Бишкек мэриясы менен соттошууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө аталган институттун директорунун орун басары Аманжан Атаканов билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы институтка тиешелүү болгон 50 сотых жер мэрия тарабынан мыйзамсыз жол менен "Шлюз" деген ишканага катталып кеткен. 
"Бул факт тууралуу бизге кабарланган эмес. Буга чейин биз өзүбүзгө тиешелүү болгон жерлерди илимий максатта пайланып, салыктарды төлөп келгенбиз. "Шлюз" аттуу ишкана качан 10 жыл өткөндөн кийин биздин жердеги 30 жылдык дарактарды кыйып, "унаа токтоочу жайга айландырабыз" дегенде биз териштире баштадык. Учурда бул иш шаардын райондор аралык сотуна өтүп, териштирүү жүрүүдө. 
1999-жылкы документке ылайык, бул жер мамлекетке тиешелүү болуп, биздин институтка бөлүнгөн. Аны башка бирөөгө менчиктештирип берүү өкмөт тарабынан гана чечилет. Эми бул факт боюнча 10 жылдык мөөнөттүн өткөндүгүнө байланыштуу иш жабылып калышы мүмкүн деп жатышат",- дейт Атаканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан