"Бүгүнкү күндө энергетикалык жана жылытуу системине керек болгон бардык жабдуу оңдоп-түзөөдөн өттү жана жетишерлик өлчөмдө мазут жана көмүр сатылып алынды". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 20-октябрда радиолордун бирине маек берип жатып айтканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
“Азыр биз толугу менен жылытуу мезгилине даярбыз. Бул кышта жарандар үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылытуу жана газ менен камсыз болушат”,- деди Сариев.
Мындан сырткары Темир Сариев акыркы күндөрү аба ырайынын кескин суукташынан улам жарандар электр энергиясын көбүрөөк пайдаланып жатышканын айтып, жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.