Жыл башынан бери социалдык объекттердин курулушуна бюджеттен 3,2 миллиард сом бөлүндү

Жыл башынан бери «капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары 3 миллиард 202 миллион сомду түздү. Муну Каржы министрлигинин маалымат кызматы 20-октябрда билдирди. 

Белгилүү болгондой, көрсөтүлгөн суммадан мектептердин, бала бакчалардын жана башка объекттердин курулушуна 1 миллиард 249 миллион сом жумшалды. Саламаттык сактоо объекттеринин курулушуна кеткен чыгымдар 176 миллион сомду, жол тармагына (автоунаа жолдоруна жана көпүрөлөргө) кеткен чыгымдар 993 миллион сомду, турак жай-коммуналдык чарбага кеткен чыгымдар 369 миллион сомду түздү. Калган каражаттар маданият жана спорт объекттеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объекттердин курулушуна жумшалды.

Бул беренени каржылоо титулдук тизме бекитилгенден кийин, быйылкы жылдын март айынан баштап жүзөгө ашырылууда.  

Маалымат үчүн: Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла турган өнүктүрүү бюджетиндеги берене.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Deniza88
2015-10-21 19:24:47
Кана баягы бийликти жамандап нааразы болгондор жок го мындайда ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан