Күз - көз жоосун алган өңдөргө бай жылдын эң кооз мезгили. Айлана түркүн түскө боёлуп, бак-дарактардын жалбырактары саргайып, кооздукка курчалган учур. Кайыңдардагы алтын тыйын сыяктанган жалбырактар шамал болсо учуп түшчүдөй желбиреп турат. Күзгү эйфорияга багынып, акындар ыр жазышса, сүрөтчүлөр кагаз бетине түшүрүүгө аракет кылып келишет.
Күз сейил бактарын алтын түскө боёгонун көрүп акындар бул мезгилди эмнеликтен жакшы көрүшкөнүн түшүнө аласың.
Ырга айланып, обон салдырган күздөгү кооздук эч кимди кайдыгер калтырган эмес.
Көз жоосун алган керемет көрүнүштү сүрөттөө үчүн сөз табуу да кыйынга турат. Аны көрүп, суктануу гана керек.
Айлананын алтын түскө боёлушу менен күзгү пейзаж өзгөчө көрккө келет.
Таң атканда көк асман алдындагы дарактар ажайып кооздукту тартуулашат.
Муздак шамал, сары жалбырактардын желбиреп учуп жерге түшүүсү ар бирибизди жашоонун маңызы сыяктуу философиялык ой жүгүртүүгө аргасыз кылат.