Энергетиктер кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков билдирип, быйыл авариялык өчүрүүлөр бир кыйла азайганын айтты. "Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13,9 миллиард метр кубду түзөт. Тилекке каршы, агып кирген суу менен колдонууга кеткен суунун айырмачылыгы 100 миллион метр кубга барабар болууда.
Тийиштүү жабдууларды оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга бүткөрүлдү. Бизде ноябрь айына чейин убакыт бар. Андан кийин да оңдоп-түзөө иштери улана берет. Бүгүндөн баштап элибиз жылуулук менен камсыз боло баштады",- деди Садыков.