Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрү аралык комиссиянын кезектеги отуруму ноябрдын башында Пекинде өтөт. Экономика министрлигинин билдиришинче, жыйында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун абалы талкууланмакчы. Эки күн мурун экономика министри Олег Панкратов менен Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдындагы соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлү Сунь Хэ менен жолугушууда аталган жыйын тууралуу пикир алышышты.
Эскерте кетсек, кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлорунун алкагында өлкөдө негизинен автоунаа жолдору курулууда.