Өлкөдө 1 тонна көмүрдүн баасы 1300-5000 сом болууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков бүгүн, 21-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул баа былтыркыга салыштырмалуу бир аз жогору.
"Көмүрдүн баасы ар бир облуста ар башка баада болуп жатат. Мисалы, Нарында арзан баада эле сатылып жатса, Баткен облусунда орточо баада сатылууда, анткени ал жерде шахталар иштеп жатат. Ал эми көмүр жеткирүүгө алыс болгон жерлерде баа кымбат",- деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары бюджеттик мекемелердин 53 пайызы көмүр менен камсыздалганын белгиледи.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берген маалыматына караганда, калкыбыздын 70 пайызы көмүр алып коюшту. Ал эми бюджеттик мекемелердин 53 пайызы камсыз болду",- деди Садыков.