Нарын шаарынын Ленин кɵчɵсүнүн түштүк тарабындагы Шуллер кɵчɵсүнɵн Таалай кɵчɵсүнɵ чейинки аралыгында тротуарлардын үстү бүтөлүп, брусчатка тɵшɵлүүдө. Мэриядан кабарлашкандай, тендерде "Регом" жабык акционердик коому утуп чыккан. Буга жалпысынан 4 миллион 594 994 сом акча каражаты сарпталууда.
Учурда 600 метр аралыкка арык орнотуу иштери жана 1000 чарчы метр жерди оңдоп-түзɵɵ иштери 35 пайызга аткарылды.