Президент Алмазбек Атамбаевдин 22 жаштагы уулу Кадырбек Атамбаевдин монографиясы жарык көрдү. "Кыргызстандын жаңы адабиятынын" билдиришинче, китеп "Улуттардын жанданышы. Экономикалык пассионардыктын теориясы" деп аталат.
Монографияда автор Лев Гумилёвдун пассионардык теориясынын негизинде "Бүткүл дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн тенденциясы кандай? Тигил же бул державалардын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнүн, артта калышынын же токтоп калышынын себеби эмнеде?" деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртөт. Эмгек экономика тармагына кызыккандарга арналганы айтылды.