Суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 21-октябрда да Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Эртең мененки саат тогузда токтотулган суу 20:00га чейин берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Панфилов-Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда, Эркиндик бульвары- Түгөлбай ата көчөсү менен чектешкен аймакта таза суу берүү чектелет.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы жаралган ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Кошумчалай кетсек, кечээ, 20-октябрда да Бишкектин бир катар аймактарында таза сууга убактылуу чектөө киргизилген.