"КСДП жана "Ата Мекен" партиясынын гана электораты болгон, калган партиялар добуштарды сатып алышты". Муну бүгүн, 21-октябрда тегерек столдун жүрүшүндө саясий серепчи Табылды Акеров билдирди. Акеров партиялар бир жыйынына катышкан шайлоочуларды эле экинчи жердеги жыйынына унаалар менен ташып барып жатышканын айтты.
"Сентябрь жана октябрь айларында шайлоо өткөрүү туура эмес, себеби биз аймактарга барып кыдырганда, элдин өз жумуштары менен алек болуп, бошобой жатканын көрдүк. Партиялар бир эле адамдарды ар кайсы жердеги жыйынына ташып жүрүштү. Бир гана КСДП жана "Ата Мекен" партияларынын электораты болгонун айта алабыз",- деди Акеров.