Быйылкы жылдын 7 айында 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын электр энергияга болгон керектөөсү 674,5 миллион кВт саатка же 15,9 пайызга кыскарган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын декабрынан тартып киргизилген тарифтер керектөөчүлөрдү электр энергиясын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөө боюнча чараларды көрүүгө түрткү берди.
"Импорттук электр энергиянын баасын эсепке алуу менен өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген тарифтер оң роль ойноп, керектөөчүлөрдүн бардык тобунун керектөөсү олуттуу төмөндөгөн. 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда тиричилик керектөө 137,7 миллион кВт саатка же 20 пайызга, бюджеттик керектөөчүлөрдүн керектөөсү 57,9 миллион кВт саатка же 12,9 пайызга, ал эми өнөр жайдагы 27,8 миллион кВт саатка же 4,4 пайызга азайган",- деди Элебаев.