Бишкек шаары боюнча үйлөрдүн 43 пайызы жылытууга кошулду

Бишкек шаары боюнча үйлөрдүн 43 пайызы жылытууга кошулду. Мындай маалыматты бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын директору Эркин Абдыкалыков билдирди. Анын айтымында, ооруканалардын 19 пайызы, бала бакчалардын 40 пайызы, мектептердин 34 пайызы жылуулук менен камсыз болушту.

Бул боюнча жумуштар уланып, бүгүн-эртең баарын кошуп бүтөбүз. Анан дагы кайсы жагында бузулган жерлери болсо, аларды бир-эки жума ичинде оңдоп чыгабыз”,- деди Абдыкалыков.

Мындан тышкары жетекчинин билдиришинче, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы 1-октябрга карата түтүктөрдү оңдоо иштерин 106 пайызга, жылдыргычтарды алмаштырууну 153 пайызга, насостук чордондорду кышкы мезгилге 100 пайызга даярдады. Үйлөрдүн ичиндеги түтүктөрдү алмаштыруу план боюнча 15 чакырым болсо, иш жүзүндө 20,8 чакырым алмаштырылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан