№50-түзөтүү колониясынын башчысы Имаш Телтаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка ЖАМКтын башчысы Алик Мамыркулов кол койду. "Коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн №50-абактын башчысы Имаш Телтаев кызматынан бошотулду",- деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары аталган себеп менен төмөнкү кызматкерлер да ээлеген кызматтарынан алынышты:
- Оперативдүү режим башкы башкармалыгынын жетекчиси;
- Оперативдүү режим башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Тарбиялоо жумуштары боюнча башкармалыгынын башчысы;
- Тартип жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы;
- Күзөт жана конвой департаментинин батальонунун командири;
- Байланыш жана техникалык камсыздоо тобунун ага инспектору;
- №50-СИЗОнун толук ички курамы алмаштырылды.