Бүгүн, 21-октябрда коомдук ишмер Эдил Байсалов түрмөдөгү кырдаалга байланышкан баш аламандыкты токтотуп, абактан качкандарды өлтүрбөөгө чара көрүүнү өкмөттөн талап кылды. Байсалов абактан качкан кылмышкерлер кандай болгон күндө да өлтүрүлбөшү керектигин, аларды тирүү кармоо зарылдыгын айтууда.
"МАИ кызматынын катардагы кызматкерлери абактан качкандардын бешөөсүн ошол түнү эле кармап алышты. Алар деле абактан качкандардын баарын автомат менен аткылап салса болот болчу, бирок алар андай кылышкан жок. Артынан кууп жетишип, жерге жаткырып, колдорун байлашты. Аларды тирүү кармашканы менен, эмне үчүн эми биринин артынан бири өлтүрүлүп жатат?
Мейли, алар адам өлтүрүшүп, өмүр бою эркинен ажыратылган болушсун, бирок алар адам, мамлекеттин жараны. Сен жана мендей эле! Ал биздики! Кимдир бирөөнүн атасы, бирөөнүн баласы. Кылмышкер адам өлтүрүшү жана мыйзам бузушу мүмкүн, бирок мамлекеттин мындай кылууга укугу жок. Ал мыйзам менен жашап, өзүнүн ар бир жаранынын, мейли, эң акыркы жараны болсун, алардын укугун терең сыйлаганда гана мамлекет бойдон калат.
Баш аламандыкты токтотууну талап кылам! Улуу даанышмандар айтышкан: ар бир жаранга карата жасалган өкүмзордук жана адилетсиздик - укук бузуу, шылдыңдоо жана ар бирибиз үчүн коркунуч. Темир тор артында бүгүн он миңдеген жаран отурат, алардын арасынан ар бирибиздин жакындарыбыз, классташтарыбыз, коңшуларыбыз табылат. Алар жаза өтөп жатышат, көпчүлүгү адилеттүү түрдө. Биз түрмөдөгү ар бир жарандын мыйзамдуу укугун коргой албасак, эч качан укуктук мамлекетти кура албайбыз.
Биздин көчөлөрдө мынчалык заар, зордук-зомбулук кайдан деп таңданабыз. Жообу жөнөкөй. Биз баш аламандыктын торунда жашап жатабыз жана ар бир күнүбүз мыйзамсыздык менен өтүп жатканын, бактылуу кокустуктар болуп жатканын баарыбыз сезебиз. Өлкөдө адилеттүүлүк эч кимге кепилденген эмес!"- дейт Байсалов.