Бишкекте
кардарлардын кыркылган чачтары көчөгө ыргытылганы үчүн чачтарачканага протокол
түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
билдирди.
Маалым болгондой, Санитардык-экологиялык инспекция өзүнүн
кезектеги рейдинин жүрүшүндө борбор калаанын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан
чачтарачканалардын биринин шаарды көрктөндүрүү боюнча эрежелерди бузгандыгын
аныктаган. Аталган жерде таштанды челектери коюлбай, санитардык нормалар сакталган
эмес. Натыйжада чачтарачкананын ээсине протокол түзүлүп, ал Свердлов
райондук администрациясынын кароосуна жөнөтүлдү.