№50-абактан качууга аракет жасаган Муратбек Жумалиев жүрөк-кан тамыр оорусунан, баш мээнин жаракатынан жана шишигинен улам каза тапты. Мындай болжолдуу себепти бүгүн, 21-октябрда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, М.Жумалиев №47-түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында дарыланып жаткан.
"Муратбек Жумалиев, Бакыт Кенжегулов жана Таалайбек Жуманов өтө коркунучтуу кылмышкерлер болуп, адам өлтүрүү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышкан болчу. Кармоо учурунда алар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн. Мындан тышкары алар кызматкерлерге, тергөөчүлөргө жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата зомбулук көрсөтөбүз деп коркутушкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышкерлер тергөөчүлөргө кол салууга аракет жасашкан. Кармалгандарга карата тынчтандыруу ыкмалары мыйзам чегинде колдонулган", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, бүгүн маалымат жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева №50-түзөтүү колониясында отургандардын баары ур-токмокко алынганын айткан.