3 жана 4 жашар балдарын Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган Алтынай айым 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, учурда Алтынай Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жүрөт.
"Айым SUPER.KG порталынан өзүнүн наристелери жөнүндө ЭЛДИК КАБАРды окуган соң, ал биз менен байланышка чыккан. Балдарын таштап кетүүгө акчалай муктаждык жана башка себептер болгонун билдирген. Ал "Ошко келерим менен балдарымды алып кетем" деди. Мындан тышкары Ош шаарында жашаган анын туугандары табылды, бирок аларга Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунан наристелер берилген жок. Апасы келген соң тийиштүү чаралар көрүлүп, балдар берилет. Ал эми наристелердин ден соолугу чың, аман-эсен. Апасын күтүп жатышат",- дейт Абдуллаев.
Айта кетсек, 4 жашар Рамазан жана 3 жашар Каныкей учурда Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.