“Кыргыз турак жай коммунсоюз” ишканасы менен “Газпром Кыргызстан” газ боюнча келишимге кол коюшат

Ушул жуманын ичинде “Кыргыз турак жай коммунсоюз” ишканасы менен “Газпром Кыргызстан” газ боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу 21-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз турак жай коммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Калматов билдирди. Анын айтымында, бул кыш мезгилинде газды эркин пайдаланууга жол ачат.

Биздин ишканада өлкө боюнча жалпы 19 мекеме бар. Аларда 132 от казан бүгүнкү күндө 100 пайыз даяр болду. От казандарды оңдоп-түзөө иштерине деп мамлекет тарабынан каралган 85 миллион сомдун 82 миллион сомун иштеттик. 

Ошондой эле Кант жана Майлуу-Суудагы от казандарды газ менен иштөөгө которуп жатабыз. Ага Каржы министрлигинен 37 миллион сомго ссуда алынган. Азыр мотаждык иштер жүргүзүлүп, керектүү жабдыктар Орусия менен Кореядан алынды. 1-ноябрга карата бул иштер толугу менен бүтөт”,- деди жетекчи.   

Ошондой эле Калматовдун билдиришинче, “Кыргыз турак жай коммунсоюзга” план боюнча кышкы мезгилге 27 миң тонна көмүр каралган болсо, 38 миң тонна даярдалды. "Башкача айтканда, план 142 пайызга аткарылды. Мазут боюнча планда каралган 8 миң тоннанын ордуна 12 миң тонна даярдадык",- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
B.B.Sadykov
2015-10-22 08:12:19
Azamatsyz. Ar bir jetek4i uwunday iwtese elibiz kyynalbayt bele...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан