21-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев башында турган делегация Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти. Делегация эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиянын 22-23-октябрь күндөрү өтчү жыйынына катышмакчы. Комиссия жыйынында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу талкууга алынат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.