Бүгүн, 22-октябрда Кара-Буура районунда дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен район администрациясынын алдына митингге чыгышат. Дыйкандар мындай талабы менен 21-октябрда да облус администрациясынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөнүн облустук администрациянын аппаратынан билдиришти. Д
ыйкан-фермерлер өткөн жумада бул маселе боюнча өкмөткө кайрылуу жасап, маселени жеринен билүү үчүн өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасы Болсунбек Казаков жана айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев 19-октябрда Талас облусуна жөнөп кеткен. 1 килограмм төө буурчак өткөн жылы 100 сомдун айланасында сатылган болсо, быйыл 30 сомдун гана тегерегинде сатылууда.