"Ресивер жабдуусун сатып алган жарандардын саны өтө эле аз болуп жатат". Мындай пикирин ишкер
Азим Өмүралиев 22-октябрда Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин журналисттер менен өткөргөн пресс-турунда айтты. Өмүралиев бир күндө 10дой гана ресивер сатылып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал кардарлар сертификаты бар ресивер менен контрафакттык ресивердин айырмасына карабай эле сатып алып жатышканын кошумчалады. "Экөөнүн айырмасы жок, болгону салыктарды төлөөдө болуп жатат. Кардарлар ага маани бербей эле сатып алып жатышат",- деди Өмүралиев.