Кечээ, 21-октябрда Ош шаарында студенттердин массалык мушташы болгон эмес. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 15:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош-Маркет" соода жайынын алдында Ош мамлекеттик университетинин Индия мамлекетинен келген 20-30 студенти чогулуп жатканы тууралуу ошол аймакта жашаган жашоочулар кабар беришкен. "Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ал жерге барышып, топтолуп турушкан индиялык 12 жаранды Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Алар ОшМУнун медицина факультетинин студенттери экендиги аныкталган. Алар өз түшүндүрмөсүндө өз ара келишпестиктерден айтыша кетишкендиктерин, эч кандай мушташ болбогондугун, эч ким жаракат албагандыгын айтышкан", - деп билдирет облустук милиция.
"Андан сырткары медицина факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары Апсамат Саттаров да ал жерде уруш-жаңжал болбогондугун, студенттер өздөрүнүн тилинде катуу сүйлөшкөндүктөн, ошол айланадагы жарандарга урушуп жаткандай сезилиши мүмкүн экендигин билдирген. Бул окуя боюнча ошол жердин жашоочуларын сураганда 25-30дай чет элдин жарандары чогулуп, бири-бири менен кыйкырышып урушуп кетишкенин айтышкан. Ошондой эле алынып келинген жарандар эч кимге эч кандай арыз-дооматтары жок экендигин билдиришти. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн маалымат каттоо китепчесине катталды",- деп баса белгилешти милициядан.