Өлкөдө ресивер саткан 6 компания гана сертификат алып иштейт. Муну бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына Байланыш агенттигинин сертификаттоо жана стандартташтыруу бөлүмүнүн адиси Кайрат Токторбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөгө ресиверлердин 60 пайызы Кытайдан, калганы Орусия жана Германиядан келет.
"Компанияларга сертификаттарды биздин агенттик "Кыргыз стандарт" текшергенден кийин гана берет. Процедура бир айдын ичинде бүтөт. Жалпысынан 1000 ресиверге 5-6 миң сомдун тегерегинде акча төлөнөт.
Муну менен катар өлкөгө контрафакттык товарлардын кирүүсү көбүнчө Кытай менен чектеш бажы өткөрмө жайларында болот. Эмнегедир ал жерде ресиверлер жакшы текшерилбей өтүп кетет экен",- деди адис.