Бишкекте Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары сууга түшүп кеткен жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 21-октябрда күндүз 22 жаштагы Эрмекбай уулу Кутман агын сууга түшүп кеткен. "Сууга чөгүп жаткан жаранды байкап калган курсанттар аны куткарып, ИИМдин академиясындагы медициналык бөлүмгө алып келишкен. Бул жерде Кутманга биринчи жардам көрсөтүлгөн.
Курсанттардын аты-жөнү - Майрамбек уулу Ахмет, Асилбек уулу Каныбек, Тыныстан Алакчинов жана Султанбек уулу Бекболсун. Аман калган Кутман аларга ыраазычылыгын билдирди",- деп жазылат маалыматта.