Базардагы соодагер: "Кардарлар ресивер сатып алууда сертификат талап кылышпайт. Ошондуктан кепилдик менен гана сатабыз"

"Кардарлар ресиверди сатып аларда сертификат талап кылышпайт. Ошондуктан кепилдик менен гана сатабыз",- дейт "Ош базарында" ресивер саткан соодагер Марат Орозбаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Маалымат жана массалык коммуникация департаменти тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү маалында айтты. Орозбаев кардарлар сертификат талап кылбагандыктан, сертификат алуунун кажети жок деп эсептейт.  

“Ресиверлерди мага ушул сатып турган жериме алып келип беришет. Мен алардан сертификат талап кылбайм жана менден кардарлар да талап кылышпайт. Биз кепилдик берип иштешебиз. Ресивердин баасы менде 1000 сомдон 2000 сомго чейин, ага 3 ай кепилдик берем. “Бизде тартпайт экен” деп алып келишсе, алмаштырып берем. Ал эми сертификатты мага алып келип берген ишкерлер алышсын, бирок мага анын кереги деле жок”,- деди сатуучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан