Учурда өлкө аймагынын 90-95 пайызы санариптик телекөрсөтүүгө өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда РПО РМТРдин башкы метрологу Кубат Осмонкулов Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин журналисттер менен өткөргөн пресс-турунда айтты. Анын билдиришинче, сапат сертификаты бар ресиверлер 24 канал көрсөтө алат.
“Ал эми сертификаты жок сатылган ресиверлер менен 10-12 телеканал гана тартып, 2-3 жуманын ичинде иштебей калышы мүмкүн. Анткени алар атайын текшерүүдөн өтпөй калган жана жасалма болушу ыктымал. Анын үстүнө контрафакттык ресиверлерге арыздар көп түшөт”,- деди Осмонкулов.