Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери эки кыргыз мигрантынан "торт алууга 1000 рубль бер" деп доолаганы боюнча тартылган тасма интернетке чыкты. Жашыруун тартылып алынган бул тасманы 21-октябрда Орусиянын маалымат каражаттары жарыялашты.
Маалым болгондой, полиция кызматкерлери Москвадагы метролордун биринен Кыргыз Республикасынын эки жаранынын документтерин текшерип, алар Орусияга кирүүдө миграциялык мыйзамдарды бузганын табышып, аларды протокол толтуруу үчүн полиция имаратына алып барышкан. Алар кармалган жарандардан торт алууга деп 1000 рубль сурашкан. Мигранттар алардын айткан суммасына макул болбой, 500 рубль сунушташкан. Полиция кызматкерлери менен мигранттардын ортосундагы соодалашуу тасмага кимдер тарабынан түшүрүлгөнү белгисиз.