Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы автоунаага май куюучу 8 жайды (АЗС) текшерип, анын алтысы бензинди толук куйбай койгону аныкталды. Бүгүн, 22-октябрда мекеменин билдиришинче, алар 10 литр бензинден 400 граммга чейин арттырып калышкан. Чара көрүү үчүн тийиштүү материалдар Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна өткөрүлүп берилгени айтылды.
Бензинди толук куйбай койгон жайлар:
1. ШНОС - Бишкектин Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде.
2. "Петролиум" - Бишкектин Лев Толстой жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде.
3. БНК - Түштүк магистраль, "Ала-Тоо" ресторанына жакын жерде.
4. "Петролиум" - Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында.
5. БНК - Жибек-Жолу көчөсү, эски автобекет аймагында.
6. "Восток-Нефть" - Жалал-Абад облусу, Тайгараев айылында.