Республиканын
аймагында "112" бирдиктүү мамлекеттик диспетчердик-нөөмөт кызматына өткөн сутканын
ичинде 4896 чалуу болду. Мунун ичинен 884 чалуу максатсыз болсо, 78 чалууга реакция жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма
сөз кызматы билдирди.
Министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу
борборунун кызматкерлеринин айтымында, максатсыз чалуулардын көп болушу сенсордук телефондордун көзөмөлсүз чалынышы жана жаш балдардын ойноп же чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалууга
байланыштуу.