Нарымбаев менен Коркмазовдун сотунда алардын пара талап кылганын тактоочу видео жана аудиоматериалдар каралууда

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда. Отурумда экөөнүн буга чейинки сотто пара талап кылганы боюнча берген көрсөтмөлөрүн тактоочу видео жана аудиоматериалдар каралып жатат. Анда Коркмазов 2015-жылдын май айында Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан алган 50 миң доллар акчаны Нарымбаевга кандай жол менен алып кирип берип, Нарымбаев ал акчаны кайда койгонун көрсөткөн видеоматериал жана Коркмазов 100 миң доллар параны алууга чейин Назгүл Түлеева менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жазылган аудио угузулду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан