Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткан президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин карады. Анда бул ишке тиешеси бар адамдардын көрсөтмөсү каралып, тактоо иштери жүргүзүлдү. Судья жыйынтыгында кийинки отурумду 28-октябрга белгиледи.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри
Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.