Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.
Кечээ милицияга Достук конушундагы үйлөрдүн биринде Алтынбек Итибаевдин жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөн. А.Итибаевди кармоо операциясы жүрүп жатканда ИИМдин атайын отрядынын жоокери жана башка эки тургун каза болгон.