Достук конушундагы атышууда каза болгон жарандар Нарын облусунун тургундары болушкан (нерви жукаларга көрүү сунушталбайт)

№50-абактан качып чыгып издөөдө жүргөн кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурундагы атышууда эки адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, атышууда октон 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган Батыш Койчуманова менен 1959-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган Медет Какеев каза болгон. Алар кылмышкер жашынып турган жердеги үйдүн 3-кабатында жашап келишкен. Операция бүткөн соң текшерүү учурунда кошуна батирден алардын жансыз денеси табылган. 

22-октябрда милицияга Достук конушундагы үйлөрдүн биринде Алтынбек Итибаевдин жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция ошол аймактагы үйлөрдү текшерүүгө алган. А.Итибаев жашынып турган батирди текшерүүгө келишкенде ал ок чыгара баштаган. Дээрлик үч саатка созулган атышууда жогорудагы эки тургундан сырткары ИИМдин кызматкери каза болду. 

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек СадыбакасовОрозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек ЖумалиевТаалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.

Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясы (Нерви жукаларга болбойт!)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
TOMMYHILFIGER
2015-10-23 09:54:51
Менты оборзели совсем
+1
Neizvestno777
2015-10-23 09:56:09
Сынатып эле койсо,Ажалы ошол жерден жеткен,алам десе ар турдуу себеп менен алып кете берет
+5
sale-81
2015-10-23 09:57:50
ушу катылган сырды кобуроок билгендердин коздорун тазалашты, кайран супер кылмышкерлер всё еще на свабоде, эми буларды жоккылып коюшуп кайра башка группа создаватетишет, вы смотрели сериал Айрис, точно ушу кинодой бизде болуватат
+5
Janusia
2015-10-23 10:07:40
Турмодон качкан канкорлордун айынан канча бейкуноо адамдар каза тапты. Акмактарды турмодон эле олтуруп салышса болмок. Мындай кылмышкерлерге олум жазасы да аздык кылат.
+2
Janusia
2015-10-23 10:10:54
Кылмышкерлерге болушуп атып олтурушту деп боору ооруп жатакандарга тан калам, андай болсо турмодон качпай эле жазаларын алып жата беришпейби, канча адамдын олумуно себеп болушту. Канчалардын артында балдары, ата-энелери, бир туугандары кан жутуп калышты. Жаткан жерлери байлуу болуп, бейиштен орун алышсын.
+5
ilyaznurperi
2015-10-23 10:11:21
ушул омур бою эркинен ажыраткандан кийин биротоло атып салышса болмок канчалаган адам бейкуноо олду.
0
Janusia
2015-10-23 10:12:53
Окмотко, милицияларга куноо койбогула алар да оз милдеттерин аткарып жатышат. Терористтер атышуу аларга эле оной дейсинерби.
+5
yrysbek
2015-10-23 11:04:43
кылмышкерлерден сырткары жок жерден олгондор боюнча кылмыш ишин козгоону айтат элем, эмне себептен алардын коопсуздугун ойлонушкан жок кыйраткансып кийик аткандай аларды аткылап салышкан, алардын милдеттери, окуя болгон жердеги адамдарды (жашоочулардын) биринчи кезекте куноокорду кармоо операциясында зыяны тийбегидей кылып карммоолору керек болчу мен эч качан жайлашты баарын атып жок кылды иши кылып деп жылмайбайм, ал баарында эле ошондой болсо керек.
+1
amanatym
2015-10-23 11:20:32
милицияны жамандагандар акылдуу болбогулачы айланайындар отуруп алып суйлой берген да туура эмес го ойду тоону байкуштар канча кундон бери ичпей жебей журушот.
0
sale-81
2015-10-23 11:53:30
тируу адамдарга коз илбей аткылагандарын кандай тушунсо болот, бул жерде кылмышкерледи эле эмес милицияларды да жазалаш керек
0
aruuzat88
2015-10-23 12:53:02
Ушундай өлүм насип кылган экен да,ит өлгөндөй.
0
tynar92kg
2015-10-23 14:08:58
Акыры баарын олтуротта булардын . Олумго олум мн жооп кылыш керек, себеби буларда 4 адамды олтуруп качышты
-1
Rahim76
2015-10-23 14:42:08
Эх кыргызым кылмышкери,милициясы,жон гана бей куноо атышуудан олгон канча адам олуп кетти.
+1
jelmoguzka.
2015-10-23 15:14:15
Тургундарды эвакуация кылса болбойт беле..?
+1
Marles_44
2015-10-23 16:51:59
алар кай жактан ок,автоматтарды алды дейсинер. бул чон саясий "ход" болду элдин ой-конулун ушуну мн алаксытып башка иш арта жасалды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан