Жогорку Соттун алдындагы
Судьялардын окуу борбору 22-24-октябрда Ысык-Кɵл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында судьялар үчүн "Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо иштерин
кароо өзгөчөлүктөрү" деген аталышта үч күндүк семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын тренерлери: Жогорку
Соттун судьясы Айжамал Ажибраимова жана Орусиянын ММКнын укуктарын
коргоо борборунун медиа-юристи Светлана
Кузеванова. Семинарга кыргыз жергесинин 16 судьясы катышууда.