Темир Сариев Бириккен Улуттар Уюмунун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Премьер-министр Темир Сариев 22-октябрда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты. Өкмөт башчы уюм планетадагы туруктуулук менен коопсуздуктун, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн, адамдын укугу жана эркиндигин коргоо жаатында маанилүү миссияны аткарып келгенин билдирди.

“Кыргыз мамлекети 23 жыл мурун БУУнун толук укуктуу мүчөсү болгон. Бул жылдар аралыгында уюмдун колдоосу астында өлкөбүздө демократиялык, социалдык жана рыноктук реформалар ишке ашырылды. Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясында 2000-жылы кабыл алынган "Миң жылдыктын өнүгүү максаттары" программасынын жыйынтыгы чыгарылды. Көптөгөн маселелерге карабастан, Кыргыз Республикасы бул максаттарды ишке ашырууда ийгиликтүү жыйынтыкка жетише алды”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан