"20 күндөн бери мени интернет-сайттарда жамандап, сөгүп жатышат",- деди бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку вице-спикери Кубанычбек Исабеков.
Анын айтымында, мындай кемсинтүү быйылкы жылдын 27-сентябрында Бишкектеги Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган унаа кырсыгынан кийин башталды.
"Унаа кырсыгы болгон күнү Мерседес үлгүсүндөгү унаада айдоочу Данияр Жумабеков жана жүргүнчү Кристина Бондаренко болгон. Ал эми Тойота Хайлендер унаасында жубайым, жээним, 3 жашар балам жана 2 айлык кызым жана мен болгонмун. Биз арак ичип жинди болбой эле, жакшынакай баратканбыз. Анан аталган Мерседес менен кагылышып кеткенбиз. Ошол жерге келген "Тез жардам" кызматы жана милиция кызматкери балам экөөбүз начар абалда болгонубузду көрүшкөн. Ал эми Жумабеков менен Бондаренко медициналык жардамдан баш тартышкан",- деди Исабеков.
"Мерседестин айдоочусу саатына 67 чакырым ылдамдык менен жүргөнү белгилүү болду. Жол кырсыгынан улам биз бүгүнкү күнгө чейин дарыланып жатабыз. Ал эми Мерседестин жүргүнчүлөрү кырсык болгон күнү ооруканага кайрылышкан эмес, бирок алты күндөн кийин "жабыркадык" деп жатып алышыптыр. Эми экинчи тараптын унаасы оңдолууга мүмкүн болбой калгандыгы үчүн "жаңы унаа алып бергиле" деп мага талап коюп жатат.
Буга мен макул болбогон соң, интернет-сайттары аркылуу мени жана үй-бүлөмдү жамандап жатат. Мерседестин айдоочусу туугандарымды каралаган "компромат" чогултуп, бизди шантаж кылганы жаткан экен. Мен туугандарым менен сыймыктанам. Алар эч кандай коррупция же кылмыш иштерине барган эмес",- деди Исабеков.