Бишкектин Достук кичи районунда кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында жардыруудан каза болгон ИИМдин кызматкери Төлөбек Исмаиловду бүгүн, 23-октябрда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Коштошуу зыйнатында премьер-министр Темир Сариев чыгып сүйлөп, Исмаиловдун жакындарына президенттин фондунан 1 миллион сом жана 3 бөлмөлүү батир бериле турганын айтты. Ал эми ички иштер министри Мелис Турганбаев өз сөзүндө Исмаилов кылмышкерди кармоодо өз жанын аябай төшүн окко тосконун айтып, анын бул эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгиледи.
Андан кийин маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Нарын районуна жерге берүү үчүн жакындарынын колуна тапшырылды. Эртең, 24-октябрда анын сөөгү Нарын районунун Куланак айылында жерге берилмекчи.
Милициянын капитаны Исмаилов Төлөбек Эсенбекович 1978-жылы Нарын облусунда туулган. Ал ички иштер органдарында 14 жылдан ашык кызмат кылып, 2006-жылы Эрдик медалын алган. ИИМдин жана УКМКнын сыйлыктарын жана башка 34 сыйлык алган. Кылмышкерлерди кармоо боюнча бир нече операцияга катышкан. Акыркы учурда тоолуу аймактагы жана альпинисттик даярдык боюнча ага инспектор-инструктор болуп иштеп жаткан. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.