Алтынбек Итибаевди Достук кичи районуна алып барган бир аял менен бир жигит кармалды. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн, 23-октябрда берген маалымат жыйынында айтты. Анын билдиришинче, алар Итибаев менен абакта бирге болушкан. "Итибаевге жардам бергендер кечинде кармалып, камакка алынышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",- деди Турганбаев.