"Кылмышкер Алтынбек Итибаевди тирүү кармоого мүмкүнчүлүк болгон жок". Мындай пикирин КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев 23-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Министр алгач операция жүргүзүү аракети болбогонун билдирди. "Бизге Итибаевдин Достукта жашынып жатканы боюнча маалымат түшүп, атайын 7 милиция кызматкери барган. Алар Итибаев жашынып жаткан батирге келгенде ал дароо эле ок чыгара баштаган. Кийин атайын топ барып, аны тирүү кармоого аракет кылган, бирок ал тынбай ок чыгарып туруп алгандыктан, атып өлтүрүүгө туура келди",- деди министр.