Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бардык мектептер интерактивдүү такта менен камсыз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен 23-октябрда билдиришти.
Ош шаарында 53 мамлекеттик жана 9 жеке менчик билим берүү мекемеси бар. Буга чейин мектептерге 30дан интерактивдүү такта берилген болсо, азыркы тапта алардын саны 70ке жетти.
"2014-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы социалдык-экономикалык абалды өнүктүрүү боюнча программанын алкагында 2017-жылга чейин бардык мектептерди интерактивдүү такта менен камсыздоо пландалган эле. Биз планды быйыл аткардык",- дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Байзаков.