24-25-октябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы -1…-3°С`ге чейин төмөндөп, үшүк жүрүүсү күтүлөт. Мындай үшүк жыйналбаган жылуулукту сүйүүчү жемиш бактарына коркунуч алып келет. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-октябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. 24-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.