"Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза болгон эки жарандын коопсуздугун сактай албадык, мен жоопкерчиликти алганга даярмын",- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев. Министр мындай пикирин түрмөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо ишинин аякташы боюнча 23-октябрда маалымат берип жатып айтты.
"Итибаевди кармоодо биз мүмкүн болушунча элдин коопсуздугун сактоого аракет кылдык. Кылмышкер жашынган №8-көп кабаттуу турак үйдүн жашоочуларын сыртка чыгарып, тегерек-четин курчоого алдык, бирок Итибаев отурган батирге коңшу турган батирдеги эки жаранды чыгара албадык. Аларды терезеге жакын жолобоого чакырып жаттык. Ошентсек да октон каза болуп калышты",- деди Турганбаев.
Министр бул эки жарандын өлүмү боюнча материалдар топтолуп, Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлгөнүн айтты. "Бүгүн материалдар толук жыйналып, шаардык прокуратурага жиберилди. Бүгүн кылмыш иши козголуп, тергөө башталат",- деди министр.
Каза болгон жарандар: Ак-Талаа районунда 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова менен Кочкор районунда 1959-жылы туулган Медет Какеев.