Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында бүгүн, 23-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанат таланттуу муниципалдык кызматкерлердин концерттик программасы менен башталды. Шаардын социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн муниципалдык кызматкерлерге шаар бийлиги тарабынан дипломдор тапшырылды.
Шаардын вице-мэри Тайирбек Чойбеков: "Бүгүнкү күндөгү шаардагы аткарылып жаткан
иш-аракеттер, курулуштар
сиздердин аракетиңиздер менен, сиздердин эмгегиңиздер менен ишке ашып жатат. Сиздерге ден
соолук, үй-бүлөлүк бактылуулук каалайм. Шаар үчүн, шаардын келечеги
үчүн аракеттерди жасап, эмгектене беришиңиздерге тилектешмин",- деди.