“Өкмөт эми гана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына көңүл бура баштады”,- деди бүгүн, 23-октябрда “Абактардагы радикалдуу идеяларды таратуу” деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Александр Никсдорф.
“Мамлекет мурда эле ЖАМКтын көйгөйлөрүн чечиши керек эле, бирок №50-СИЗОдон кылмышкерлер качкандан кийин гана иш жүрө башталды. Буга чейин Ак үйгө Жаза аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча алты нормативдик-укуктук документ жөнөтүлгөн. Жогорудагы окуя болгондон кийин гана жылыш болду”,- дейт Никсдорф.
Анын айтымында, №19-түзөтүү колониясында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, мындан кийин диний кылмыштуулук менен кармалгандар ушул түрмөгө отургузулат. "Диний экстремизм боюнча айыпталып кармалган адамдар эми башка бөлүктөргө которулат жана абактагыларды кайтаруу күчөтүлөт",- деп убадалады ЖАМКтын өкүлү.