Казакстандын Алматы шаарындагы СИЗОдо бир жарым жылдан бери кармалып жаткан 14 кыргыз жаранынын аялдары 23-октябрда SUPER.KG'ге кайрылышып, алар күйөөлөрүн тезинен Кыргыз Республикасынын абактарына өткөрүүнү өкмөттөн талап кылышты.
Абакта отургандардын биринин аялы Азиза Токтобаеванын айтымында, алар 3 берене (аткезчилик менен жүк ташуу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып камакта отурушат.
“Менин күйөөм жалданып товар ташычу. Ал мындан бир жарым жыл мурда башка айдоочулар сыяктуу эле унаасына тиричилик товарларын салдырып, кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрмө жайына чейин жеткирмек. Ал жерге жеткенде белгисиз адамдар кыйноо жолу менен аларды Казакстандын чек арасы аркылуу өткөргөн экен. Ошол жерден коңшу өлкөнүн милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Күйөөлөрүбүз Таразда бир жыл камакта болушуп, акыркы жарым жылда Алматы шаарындагы СИЗОго которулушту. Казактардын Аскердик соту аларды 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Биз апелляцияга берип, жыйынтыгы 3 айдан кийин чыкты, бирок кайра эле ошондой чечим”,- деди Токтобаева.
Абакта отургандардын аялдары тергөө адилетсиз жүргүзүлгөнүн айтышууда.
“Мейли, аларды "чек арадан мыйзамсыз өттү" дешсин, бирок аларды "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" деп жатышат. Ал 14 айдоочу жадакалса бири-бирин таанышчу эмес. Анан да алар башка бирөөнүн товарын ташып жүрүшкөн. Ошондуктан бүгүн чыгып өз талабыбызды коюп жатабыз. Өкмөт аларды бул жактагы абактарга которуп берсин”,- дешти алар.