Быйыл 38 миң жумушсуз кыргыз жараны иш орундары менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жылдын башында өлкө ичинде 200 миң жумушсуз жаран катталган. "Жыл ичинде 150 миң адам жумуш издөө боюнча ар кандай кеңеш алууга кайрылган, алардын 60 пайызы каттоого турушкан. 2015-жылкы план боюнча 50 миң жаранды жумуш орундары менен камсыз кылуу каралган, акыркы 9 ай аралыгында өлкө ичинде 36 миң жаран жумуш менен камсыз болсо, чет өлкөлөрдөгү жумуш берүүчүлөр менен активдүү кызматташуу аркылуу 2 миң жаран Орусия Федерациясы, Казакстан, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрүндө жумушка орношушту",- деп жазылат маалыматта.