Бүгүн, 23-октябрда Мамлекеттик кадр кызматы Бишкек мэриясынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, октябрь айынын акыркы жекшембиси кыргыз жергесинде Жергиликтүү коомдордун күнү болуп саналат. Майрамдын урматына карата Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызматкерлери Мамлекеттик кадр кызматынын сыйлыктарына ээ болушту.