Бүгүн, 23-октябрда премьер-министр Темир Сариев катышкан жыйында №50-абактан качкан кылмышкерди кармоо операциясынын кесепеттерин жоюу боюнча техникалык топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго Достук конушуна барып, тургундарды жарык, суу жана газ менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди уюштуруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле каза болгон тургундардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөрү айтылды. Мындан сырткары өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө каза болгон жарандардын жерге берүү зыйнатын уюштуруу тапшырылды.
"Тез арада кылмышкерди кармоо операциясы жүргөн 3 кабаттуу үйдөгү келтирилген чыгымды эсептеп чыгып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек",- деди премьер-министр.