Бүгүн, 23-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун кемчиликтерин жоюу үчүн курулуш компаниясына 3 күн убакыт берди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Маалым болгондой, Кайыпов «Копри Синогидро» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 272-365-чакырымында жасалып жаткан реабилитациялык иштер менен таанышты.
Кайыпов аткарылып жаткан иштер сапатсыз жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөй жаткандыгын баса белгиледи. «Жыл башынан бери эл аралык консультанттар менен бирге бир нече ирет жолдун жасалышын карап чыкканбыз. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сиздерге бир катар көрсөтмөлөр берилген. Жолдун сапатсыздыгы сокур адамга деле билинип жатат. Андан тышкары айдоочулардын коопсуздугун алдын алууда оңдолуп жаткан аймактарда атайын жол белгилери, жол жээктерине парапеттер коюлушу керек эле, эмдигиче жок»,- деди облус башчы.
Кайыпов кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруучу тарапка 3 күн убакыт берип, аткарылбаган учурда премьер-министрге билдирүү жасап, аталган фирманын ишмердүүлүгүн токтотуу маселесин коё турганын айтты.